Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.
Бирок отурум адвокаттын жоктугуна байланыштуу 17-декабрга жылдырылды
Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.
Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.