Мурас-Ордо конушуна 48,5 млн сомго сквер курулат

Коом

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Мурас-Ордо конушуна сквер куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.

Сквер Мурас-Ордо көчөсү №19 дарегине курулат. Тендердин суммасы 48 млн 515 миң 625 сом.

Сквердин аймагында жайкы сахна, трибуна, балдар аянтчалары, альпинизм жабдуулары жана башкалар болот. Ошондой эле паркта сугат үчүн скважина бургуланат.