Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Джумалиев Муктар Кабылбекович Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.