Муканбетов президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болду

Кадр саясаты

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Муканбетов Санжар Турдукожоевич президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.