Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Азыркы учурда мугалимдерге, мектеп директорлоруна министрлик тарабынан акы төлөнүүчү семинар уюштурулат деген маалымат чындыкка да келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлиги жана ага караштуу ведомстволук уюмдар педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдер үчүн акы төлөнүүчү семинар, тренингдерди уюштурбайт.
"Мындай аракеттер акча табууну көздөгөн шылуундардын кезектеги айла-амалы болушу мүмкүн. Министрлик мугалимдерди жана директорлорду алдамчылык менен акча табууну көздөгөн шылуундарга ишенбөөгө, күмөндүү жеке жана юридикалык жактарга акча которбоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий