Муфтийдин орун басарлыгына Самидин Атабаев дайындалды

Коом

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Самидин Атабаев Кыргызстан муфтийинин орун басары болуп дайындалды.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Атабаев башка кызматка өткөн Жоробай Шергазиевдин ордуна келген. Тиешелүү буйрукка муфтийи Замир Ракиев кол койду.