МСК: Салык органдары штаттык режимде иштөөдө

Экономика

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Аймактык салык органдары ишин штаттык режимде улантышууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ведомствонун борбордук аппаратынын жетекчилик курамы менен болгон жумушчу кеңешмеде билдирди, - lдеп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, салык кызматынын мүлкүн коргоо максатында борбордук аппаратта жана аймактык салык органдарында графиктин негизинде күнү-түнү нөөмөттө туруу уюштурулду.

Салык кызматтары, анын ичинде отчетторду кабыл алуу процесстери кадимки режимде иштөөдө. Коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча зарыл болгон санитардык-гигиеналык чаралар көрүлүп, күчөтүлдү.

COVID-19 пандемиясынын таралышына бөгөт коюу максатында, жарандарга тейлөөлөрдү салык кызматынын сайтындагы “жеке кабинети” же салык органдарынын электрондук почтасы аркылуу алууну сунуштайбыз.

Салык маселелери боюнча маалыматтарды 116 номери боюнча алууга болот.