Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Россиянын Москва шаарына башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет жасаган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, “Ош-аэропортунун” көзөмөл бекетинде 12-апрель күнү Ош-Москва каттамы боюнча чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган 30 жаштагы Ж.А. аттуу айым кармалган.
Аталган факты боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан соң, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.