Москвада мекендеш-айымдар арасында волейбол мелдеши өттү

Коом

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, полковник, кавалерист Ороз Мамыралиевдун 95-жылдыгына арналган мекендеш-айымдар арасында волейбол боюнча спорттук турнир өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара кыргыз диаспора уюмдары тарабынан уюштурулуп, ага КРнын РФдагы элчилиги да катышкан.

Спорттук иш-чаранын максаты Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында достук байланыштарды, спорттук маанайды чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча спорттук командаларга эстелик белектер тапшырылды.