Бишкек, 04.10.29. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Тактап айтканда, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган Россияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана пландалган иш сапарлардын алкагында алдыдагы биргелешкен иш-чараларга даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу сөз болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду тереңдетүү жана көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара ниеттер ырасталды.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий