Бишкек, 26.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Москвада жер астындагы өтмөккө кирип кеткен автобустагы каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок,-деп билдирет КРдин Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, 25-декабрда Москвада Кутузов проспектисиндеги “Славянский бульвар” метросундагы жер астындагы өтмөккө жүргүнчүлөрдү ташыган автобус кирип кеткен. Натыйжада 5 адам каза болуп, дээрлик 15 адам жабыркаган.
Элчиликтен кабарлашкандай, азырынча каза болгондордун бирөөсүнүн гана өздүгү такталган. Ал 38 жаштагы Елена Михайлова.
Элчилик учурда тиешелүү кызматтар менен байланышта болуп турат.