Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Москва районунда уй уурдады деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-март күнү Москва РИИБине 1987-жылы туулган Т.А. арыз менен кайрылып, 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынан бир баш уюн уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.
Чүй облустук ИИББнын жана Москва РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган бир баш уй табылып, арыз эсине тапшырылып берилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.