Москва көчөсү ачылды

Коом

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Бишкекте оңдоо иштерине жабылган Москва көчөсү ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Москва көчөсүндөгү оңдоо иштери 29нан 30-августка караган түнү толук аяктаган.

Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Жаш Гравдия бульвары ортосундагы бөлүгү оңдолгон. Ал жердин узундугу 980 метрди түзүп, эки кабат асфальт төшөлүп, жол чийиндери түшүрүлгөн.