Кара-Суунун Жаңы-Арык айылынын жаштары жалгыз бой энеге үй куруп берди

Аймак

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 1996-жылы туулган жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти. Жалгыз бой эненин эки уулу болсо, анын биринин майыптыгы бар.

Муфтияттан билдиришкендей, мындай демилгени Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Темирлан ажы Токоев көтөрүп, элди кайрымдуулукка үндөп, жаштарды уюштурган.

Үйдүн курулушуна жалпысынан 935 миң сом сарпталган. Ошондой эле курулушка айыл эли да өз салымын кошуп, жаштарга жардам берген.