Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жоокер өзүн-өзү атып, каза тапты.
Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 29-июлда эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндөгү А.К.С. аттуу жоокер өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон.
Учурда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдарын жүргүзүүдө.