МКК талапкердин штабы жайгашкан имаратта биометрикалык маалыматтын чогултулушу боюнча түшүндүрмө берди

Коом

Бишкек, 26.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КРдин Мамлекеттик катоо кызматынан (МКК) Ош облусунун Шейит-Тоо айылындагы биометрикалык маалыматтардын чогултулушу боюнча жагдайга түшүндүрмө беришти.

“Кабар” агенттигине МКК басма сөз кызматынан кабарлашкандай, биометрикалык маалыматтарды чогултуу өлкөнүн 7 облусунда жана 40 райондо жүргүзүлүп жатат.

“Жерине барып алган мобилдүү топ бар. Башкача айтканда алар ар дайым кыймылда. Шейит-Тоо айылында жабдыктарды койо турган бир эле имарат бар. Ошол эле имаратта талапкердин штабы жайгашкан. Мобилдүү топ ошол жакка барып, биометрикалык маалыматтарды чогултуп, андан ары кетишкен”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Ведомствадан билдиришкендей, Шейит-Тоо айылында кары-картаңдар көп, алар мобилдүү топту айылга келүүсүн өтүнүшкөн.

Эске сала кетсек, массалык маалымат каражаттарында (ММК) МКК президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында биометрикалык маалыматтарды чогултуп жатат деген маалымат тараган.