Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Россиянын Соль-Илецк шаарынан учуп келип, Жалал-Абад облусуна барган жарандар үй карантинине алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусуна 115 жаран келген.
"Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, кыргызстандыктар Бишкекке учуп келгенде 12 күн обсервацияга алынып, 2 жолу ПЧР тесттин тапшырган. Анализдери таза чыкканда гана аларды кое беришкен. Жалал-Абадга келген жарандар үй карантинине алынды. 30-майда кайрадан анализдер алынат. Эгер үй карантиндин талаптарын сактабаса аларга кылмыш иши козголот", - деп белгилеп өттү Мирзахмедов.
Эскерте кетсек, 7-майда Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 541 кыргызстандык келген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.