Минск шаарында Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өттү

Маданият

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. 26-октябрда Минск шаарында Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, концерт Кыргызстандын Беларустагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулуп, ага “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Акмарал” мамлекеттик бий ансамбли, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл жана эмгек сиңирген артисттери катышты.

Беларустук көрүүчүлөргө элдик чыгармалар, белгилүү кыргыз композиторлорунун жана акындарынын чыгармалары тартууланды.

Иш-чараны Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, Беларустун маданият министринин биринчи орун басары Валерий Грамада жана Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова ачышты.