Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү

Өкмөт

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн тартибинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү 15 маселе белгиленген.