Министрлер кабинетинин башчысы Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү

Өкмөт

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө финансы-экономикалык секторундагы актуалдуу маселелер, анын ичинде бажы жана салык төлөмдөрүнүн түшүүсү, артыкчылыктуу багыттарды каржылоо жана республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.