Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Милиция Токмоктогу төрөт үйдүн кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайды алмаштырды деген маалыматты текшерип, иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чуй облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 24-декабрь айында Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылып, шаардык төрөт үйдүн кызматкерлерине каршы чара көрүүнү суранган.
Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, тийиштүү медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы азырында даяр боло элек.