Миң-Кушта жасалма документти колдонуу менен 150 тонна көмүр ташып жаткандар кармалды

Укук тартиби


Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Нарындын Миң-Куш айыл аймагында жасалма документти колдонуу менен 150 тонна көмүр ташып жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Улак көмүр тилкесинен жасалма документтерди колдонуу менен көмүр казып ташуу менен алектенген К.Ж.С., М.у.А., жана Т.у.М., аттуу кыргызстандыктардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 10-июлда 150 тонна көлөмүндөгү көмүр ташып чыгып бараткан жеринен беш оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары С.С.С., К.Н.А., К.И.М., И.Н.И., жана А.у.К., кармалган.

Учурда тийиштүү ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.