Миң-Куш айылындагы оорукана капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборун капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, оңдоо иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Бүгүнкү күндө, имараттагы демонтаж иштери толук бүтүп, терезелер алмаштырылды, ал эми ички курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлүп, сырткы курулуш жумушу 95 пайызга даяр болду.