Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Белгилүү актриса Мэрилин Монронун Лос-Анджелестин Брентвуд районундагы үйү 7,25 млн АКШ долларына сатылды. Ал тууралуу Los Angeles Business Journal маалымдайт.
Үй 1929-жылы салынган, анда төрт уктоочу жана үч жуунучу бөлмө жайгашкан. Бул актрисага тиешелүү жалгыз үй болгон. Дал ушул үйдөн 1962-жылы Монро уйку келтирүүчү дарыдан ашыкча ичип алып көз жумган.
Актрисанын көзү өткөндөн кийин үйдүн ички жасалгасы көп өзгөртүлгөн эмес.
Үйдү сатып алган кишинин аты азырынча айтыла элек.