Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

Коом

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Т.Сатылганов атындагы мектептин курулушу аяктоодо жана пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштерин аяктады.

"Ишке киргизүү жана аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулууда жана окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 275 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталган. Объекттин сметалык наркы 850 миң 571 АКШ долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Мектепти ушул жылдын ноябрь айынын орто ченинде пайдаланууга берүү пландаштырылууда.