Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айыл аймагынын №1 мектебинин окуучулары жана администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Төмөнкү Чүй мектебинин активисттерине жана отличниктерине Жогорку Кеңештин имараты боюнча экскурсия уюштурулду.
Мындан тышкары, алар парламенттик жыйынга катышып, мыйзам чыгаруу органынын иш процесси менен тааныша алышты.