Мектеп окуучулары кышкы каникулга качан тарай турганы маалым болду

Билим

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде кышкы каникул качан башталары тууралуу маалымат таратты.

Министрликтен кабарлашкандай, каникул 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат.

"Окуу жүктөмү беш күндүк жалпы билим берүү уюмдарына сабак дүйшөмбү, 13-январдан башталса, мектеп-гимназиялары 11-январь күнү окууга барышат", - деп кошумчадашты ведомстводон.