Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Момункулова Мээрим Авасбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.