Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10-сентябрында медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын 186 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Алардын арасында илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматкерлери бар. Медиктер "Эне Сай" пансионатында ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.