• 85.91
  • 93.34
  • 1.03

МЧК: Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

“Кытай тараптын демилгеси менен Курман айт майрамына байланыштуу 2018-жылдын 22нен 26-августуна чейин “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” убактылуу жабылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 27-августта калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий