• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Маршрутканын эшигин ачып айдап бараткан айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда эл ташыган №107 маршрутканын айдоочусу унаанын эшигин ачып айдап бараткан видео тараган.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айдоочу ичиндеги жүргүнчүлөргө кооптуу абал туудурган.

"Аталган факт КРнын Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, автоээнбаштык болуп эсептелгендиктен, айдоочуга карата 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, маршрутканын айдоочусу күндүн ысыктыгына байланыштуу эшигин ачып алгандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий