Марипов токой чарба, экология жана тоо-кен тармагы эмне болорун айтты

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Токой чарбасы Айыл чарба министрлигинин курамына кирет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Ал экология тармагы ӨКМден кетет деп белгиледи. Ошондой эле, Марипов тоо-кен тармагы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өзүнчө бир түзүмү болот деп кошумчалады.

“Биз тоо-кен тармагы экономиканын өнүгүшүнө чоң салым кошорун билебиз”, - деди премьер-министрликке талапкер.

Ал Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тууралуу азырынча эч нерсе айта албай турганын айтып, бул боюнча бекитилгенден кийин министрлер өздөрүнүн сунушун берет деп жооп берди.