“Манас” университетиндеги эң чырайлуу студент аныкталды

Коом

Бишкек, 14.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эң чырайлуу студентти аныкташты.

12-мартта көркөм искусство маданий борбору факультетиндеMISS MANAS 2018” сулуулук сынагы уюштурулган. Анда биринчи орун үчүн 8 кыз ат салышкан.

Сынакка катышкан кыздар көрүүчүлөргө өздөрүнүн ырдоо, бийлөө жана сүрөт тартуу чеберчиликтерин тартуулашкан.

Ошентип “Мисс Манас 2018” сынагынын жеңүүчүсү финансы факультетинин биринчи курсунун студенти Сабира Колчиева болгон.