Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Манас районунда мыйзамсыз жер берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Талас облусунун Манас райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 0,67 га жайыт жер тилкесин жеке жактарга 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү боюнча токтомдорду жасалмалашкандыгы аныкталган. Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас филиалы тарабынан аталган жерге убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө мыйзамсыз күбөлүк берилген.
Бул факты боюнча Манас райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Манас райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий