«Манас» эл аралык аэропортунда күзгү споттинг өттү

Коом

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда өлкөнүн жарандык авиациясынын күнүнө карата күзгү споттинг өткөрүлдү.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыл сайын өтүүчү иш-чарага Кыргызстандан жана Россиядан 20га жакын учактарды тартууга кызыккан фотосүрөтчүлөр жана видеооператорлор чогулушту.

Ышкыбоз жана тажрыйбалуу споттерлер ишембинин түнү 4 саат бою учактар токтоп турган жайды, рулеждук жолчорлорду, учуу-конуу тилкесин жана перрондо учактарды тейлөө процессин сүрөткө тартышты. Ошондой эле, алар аэробекеттик комплексти ичи-сыртынан да тартканга үлгүрүштү.

Сүрөт сүйүүчүлөрү учактардын таңга маал учуп-конуусун тартып алуу мүмкүнчүлүгүн өзгөчө жогору баалашты. Споттерлердин айтымында, октябрь айы күнөстүү болгондуктан, алар чындыгында уникалдуу сүрөттөрдү жарата алышты.

Иш-чара авиациялык коопсуздук талаптарына ылайык өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, споттингдин жыйынтыгы боюнча эң мыкты аталган сүрөттөр «Манас» аэробекеттик комплексиндеги көргөзмөдө көрсөтүлүп, аэропорттун расмий сайтында жайгаштырылат.

Маалымат үчүн: Споттинг (англ. spot – «кармап алуу») - учакты документалдык же көркөм сүрөткө тартуу. Анын максаты болуп учакты же авиацияга тиешеси бар объекттерди эң оригиналдуу түрдө сүрөткө тартып алуу болуп саналат. Жыл сайын биздин өлкөдө споттингтин күйөрмандары көбөйүүдө.