"Манас" эл аралык аэропорту" өз каражатына 4 жаңы заманбап атайын техниканы сатып алды

Коом

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту өз каражатына 4 жаңы заманбап атайын техниканы сатып алды.

Маалыматка ылайык, аэропорт жаңы техникаларды "Каракол" эл аралык аэропортуна жана "Казарман", "Талас", "Нарын" аймактык аба майдандарына берет. Алар перрондорду жана учуп-конуу тилкелерин тазалоодо колдонулат.

Заманбап техникалар суук мезгилде аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылып, кышкы тейлөөнүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле аталган аба майдарда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга жардам берет.