Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. “Манас” бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргелешкен иш-чаралардын алкагында М.Т.Б. аттуу КР жаранынын дарегине “Аэрофолот” авиакомпаниясынын каттамы менен келген товарлардын партиясын ташыган Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшеришкен.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, унааны кароодо 2 миң 495 таңгак 200 мг “АЦЦ”, 205 таңгак инъекциялар үчүн эритме, Эноксапарин натрийи “Клексан 6000 анти-Ха МЕ/0,6 мл”, 200 таңгак инъекциялар үчүн эритме, Эноксапарин натрийи “Клексан 4000 анти-Ха МЕ/0,6 мл” аталышындагы дары-дармектер табылган.
Кармалган товарлардын жалпы брутто-салмагы авиа коштомо барагында 298 кг өздүк буюмдар катары көрсөтүлгөн, кайра таразага тартканда 400 кг болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди.