Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ар бир жылы салтка айлангандай эле, 2021-жылдын 31-декабрында жүргүнчүлөрү үчүн сюрприз уюштурду.
Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыл сайын жаңы жылдын алдында жүргүнчүлөр жаңы жылдык белектерди алышат. Быйыл майрамдык сюрпризге Оштон учуп келген жүргүнчүлөр күбө болушту.