Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. "Манас" аэропортуна барчы жолдо кечээ, 26-октябрда саат 11:00дөр чамасында "Субару Легаси" унаасы мамычаны сүзүп, өрттөнүп кеткен.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.