Бишкек, 01.05.21./Кабар/. Бүгүн, 1-майда төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар тобу Баткен облусуна жөнөп кетишет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Алар чек ара чыр -чатагында жабыр тарткан жергиликтүү калкка гуманитардык жардам жеткирип, колдоо көрсөтүшмөкчү. Парламенттин атынан жарандарга медициналык дары-дармектер, азык-түлүк жана эң зарыл башка товарлар берилмекчи.
Эске сала кетсек, 28-апрелде төрага Талант Мамытовдун тапшырмасы боюнча Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирилген. Азыркы учурда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери ишти улантып, Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү боюнча оперативдүү чараларды көрүп жатышат.