Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда жасалма жумурткалар сатылбайт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
Ал билдиргендей, Ош шаарынын Урматбек аттуу жашоочусу сатып алган жумурткалар Ысык-Көл облусунан алынып келингендиги аныкталган.
“Жасалма жумурткалар Кыргызстанда сатылбайт. Оштогу 17 жерде сатылып жаткан жумурткалар бардыгы изилденип чыкты. Сатылып жаткан жумурткалардын баардыгы табигый жумурткалар экендиги тастыкталды”, - деп баса белгиледи Жумаканов.
Эске сала кетсек, интернет булактарында Ошто сатылып жаткан жасалма жумурткалар тууралуу видео кеңири тараган. Тасмада жасалма жумуртканын кадимки жумурткадан эч кандай айырмасы жок экендиги айтылат.