Мамлекеттик жана ЖӨБ органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон .

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесине ылайык кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды өнүктүрүүгө багытталган