Мамлекеттик тил күнүнө карата Транспорт министрлигинде жыйын өттү

Коом

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлигинде кечээ, 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата жыйын өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз-Россия славян университетинин профессору Аттокур Жапанов лекция окуду. Аталган лекцияга министрликтин жетекчилери жана министрликтин алдындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Лекция учурунда кыргыз тилинин байлыгы, байыркы тил экени тууралуу айтылды. Мамлекеттик тил күнүнѳ арналган иш-чарада Жапанов эне тилди өнүктүрүүгө, колдоого жана ошондой эле министрликте болгон иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнү сунуштады. Ошондой эле жаш муундарды тарбиялоодогу өзгөчө ролу бар экендигин айтып өтүштү.