Кыргызстанда мамлекеттик кызматтар боюнча тесттик режимде чат-бот ишке кирди

Санарип Кыргызстан

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын ыңгайлуулугу үчүн мамлекеттик кызматтар боюнча тесттик режимде чат-бот — @infocom_kg_bot ишке киргизилди.

Чат-бот күнү-түнү жарандардан эң көп берилүүчү суроолоруна жооп берет, алар:

  • паспорт алуу;
  • калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө убактысы;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо;
  • булуттук электрондук кол тамганы алуу тартиби;
  • Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана мобилдик тиркеме колдонуу.

Чат-боттун артыкчылыгы тил тандоо жана 24/7 баарлашуу үчүн жеткиликтүүлүк, үзгүлтүксүз колдоо жана айкын убакыт ыргагында суроолорго жооп берүү.

"t.me/infocom_kg_bot иштеп баштаган биринчи айдын ичинде 1000ден ашык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аны жарандар активдүү колдонуп жатканын айгинеледи", - деп айтылат маалыматта.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалма интеллектке негизделген бот digital.gov.kg, infocom.kg, nomer.srs.kg, tizme.gov.kg сайттарында, ошондой эле WhatsApp жана Telegram мессенджерлеринде жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Call-борбору 2015-жылдын август айында иштеп баштаган жана ачылгандан бери эки миллиондон ашык чалууларды иштеп чыккан. Ал заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылып, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.