Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4 айынын ичиндемамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 186 лицензия таризделген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, лицензиялардын жалпы санынан, региондук маани боюнча Бишкек шаарында - 112, Чүй облусу - 14, Талас - 3, Ысык-Көл -14, Ош – 32, Баткен- 2, Жалал-Абад – 5 жана Нарын –4 лицензия берилген.
Жалпысы, Кыргызстандын юридикалык жактарына - 181 жана 5 жеке ишкерге лицензия берилген. 131 уюм биринчи жолу лицензия алган, калган 55 уюм аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.