Бишкек, 04.03.24./Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Казакстанстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.
Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу жана учурдагы маселелеринин кеңири чөйрөсүн кылдат талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана даярдоо боюнча пикир алмашуу болду.
Аягында маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да алдыга жылдыруу, тактап айтканда, биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде эки мамлекеттин борбор калааларында эстеликтерди орнотуу боюнча эки жактын тең ниеттери айтылды.