• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Максат Мамытканов Азербайжандын коргоо өнөр-жай министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Күн мурун Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын коргоо өнөр-жай министри Вугар Мустафаев менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн коргоо өнөр-жай тармагындагы учурдагы өз ара аракеттенүүсүн жана бул багытта мындан аркы кызматташуунун перспективаларын талкуулашты.

Ошондой эле Азербайжандын Коргоо өнөр-жай министрлиги тарабынан эки жылда бир жолу Баку шаарында өткөрүлүүчү ADEX Эл аралык коргоо өнөр-жай көргөзмөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий