Майдан тартып бардык ишкерлер электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек – МСК

Экономика

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын май айынан тартып бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экендигин маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына ыдайык, эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген.

Эми бардык салык төлөөчүлөр Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук эсеп-фактураны тариздеши керек.

Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөргө (жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган) тиешелүү эмес.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр тарабынан милдеттүү түрдө колдонулат.

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу ишкерлер менен салык органдарынын, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты кыскартат. Бул бизнести көмүскөдөн чыгарууга өбөлгө болуучу жана салык салуу процессин жөнөкөйлөтүүчү курал болуп саналат.