• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Маданият министрлигине I жарым жылдыкта 2,1 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын I жарым жылдыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2 млрд 145,7 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен маданий иш-чараларды даярдоого, анын ичинен өткөрүүгө жана катышууга 49 млн сом сарпталды.

Ошондой эле Дене тарбия жана спорт башкармалыгы 896,3 млн сомго каржыланып, анын ичинде спортчулардын календардык планга киргизилген спорттук иш-чараларга катышуусуна 250 млн сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий