• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Маданият министри Талас облусунда: Жаманкулов Туюк-Төр петроглифтерин көрүп келди

Маданият 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Талас облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маданият министри Азамат Жаманкулов иш сапарынын алкагында Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барган. Ал аталган аймакта жайгашкан Туюк-Төр аска-таш бетине тартылган сүрөттөр (петроглифтер) менен таанышып, аларды коргоо жана сактоо иштери тууралуу маалымат алган.

"Туюк-Төр петроглифтери Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы Каракол капчыгайында жайгашкан. Бул объект жакынкы жылдары жаңы табылган. Аталган маданий-тарыхый эстеликти сактоо жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл. Министр иш сапардын алкагында аталган обьект менен таанышып жатып, биринчи кезекте бул тарыхый-маданий баалуулукка изилдөө иштерин дыкат жүргүзүп, анын баалуулугун толук аныктоо зарыл экендигин белгиледи", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш жана археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бул багытта министр мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарды, өлкөдө сакталып калган археологиялык баалуулуктарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, министрлик тиешелүү деңгээлде иш жүргүзө тургандыгын билдирген.

Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү жана уникалдуу эстеликтердин катарына Ур-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет.

Министрдин Талас облусундагы иш сапары уланып, ал Талас районундагы Ак-Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай-Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый-маданий мурас объекттери менен жеринен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий